Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Орусия Жогорку Кеңештин жаңы курамы РФ менен кызматташууну улантат деп үмүттөнөт
03.12.2021 | 10:11
Москва кыргыз парламентинин жаңы курамы Орусия менен союздук байланышын улантат деп үмүттөнөт. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
«Биз Кыргыз Республикасынын элинин эркин билдирүүсүнүн натыйжалары ички туруктуулукту чыңдоого, ошондой эле бул өлкөнүн укуктук демократиялык өнүгүүсүнө, экономикасынын прогрессивдүү өсүшүнө жана элдин жыргалчылыгына өбөлгө болот деп ишенебиз. Кыргыз парламентинин жаңы курамы Россия Федерациясы менен стратегиялык кызматташуу курсун, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди тереңдетүү, Борбордук Азияда тынчтык жана коопсуздук кызыкчылыгында биргелешкен күч-аракеттерди курууну улантат деп ишенебиз”,-деди Захарова шаршемби күнү брифингде сүйлөп жатып.