Кыргызстан АКШны жеңди: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча алгачкы жыйынтыктарЖогорку Кеңеште иттерди атууга тыюу салып, чиптештирүүнү киргизүү сунушталуудаКөчмөндөр оюндарынан кийин Голливуд Кыргызстанда тасма тартууну пландап жатат — Ассоль МолдокматоваЖККУнун башкы катчысы КР Коргоо министрлигинин башчысы менен алдыдагы машыгууларды талкуулады«Голливуд жылдыздары таң калууда»: Молдокматова Көчмөндөр оюндарынын масштабына баа бердиКөчмөндөр оюндарында 500дөн ашык адам медициналык жардам сурап кайрылды
Текебаевге ким кол салганын айткан депутатты милиция суракка алды
03.12.2021 | 10:40
Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкованы Биринчи май райондук милиция суракка алды. Бул туурасында депутат өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, суракта Токмок шаардык кеңешинин депутаттары Анарбек Маликов менен Кайрат Чокеевди тааныганынын айткан. Ошондой аларды дагы суракка чакырышы керектигин, эмне себептен ал жакка барышканын, эмне максаттар менен барганын, окуя туурасында эмне болгонун айтып бериши керек.
Сыдыкова Текебаевге кол салган делген видеодон Токмок шаардык кеңешининин депутаттары Анарбек Маликов менен Кайрат Чокеевди жүргөнүн айтып чыккан болчу. 1-декабрь күнү саясатчы Өмүрбек Текебаев өзүнө кол салганын кабарлаган.
Текебаевге кол салган кишини айткан депутатка коркутуу болуп жатат
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат