Орусияда 49 адамды ташып бараткан Ан-24 учагы кыйрады

Орусиянын Амур облусунда Ан-24 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак кыйрады. Бул тууралуу РБК маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, “Ангара” авикомпаниясынын учагы Хабаровск-Благовещенск-Тында багында учуп бара жаткан. Учак Амур облусуна жеткенде радардан жоголуп кетип, байланышка чыккан эмес. Анын күйүп жаткан калдыктары Тында шаарынан 15 км аралыктан табылган.
Учактын ичинде 43 жүргүнчү (алардын бешөө жаш балдар) жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан аман калгандар табылган жок. Бирок издөө иштери уланып жатат.
“Аба транспортуна тиешелүү кыймыл жана эксплуатация эрежелерин бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Окуяны иликтөө боюнча Мамлекет аралык авиация комитетинин комиссиясы ишке киришти. Орус өкмөтү каза болгондордун жакындарына бардык зарыл жардам көрсөтүлөрүн убада кылды”,- деп айтылат маалыматта.