Орусияда дайынсыз жоголгондор өлүккана, абактан табылууда

11.10.2021 | 13:24

Орусия менен Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиянын аймагында дайынсыз жоголгон мекендештерди жана узак убакыттан бери туугандары менен байланышпаган жарандарды издөө боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

2021-жылдын 9 айында Өкүлчүлүккө Россия Федерациясында дайынсыз жоголгон 64 жарандын жакындары издөөгө көмөктөшүү тууралуу кайрылышкан.

Орусиянын аймагында кыргыз жарандарын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 57 жаран аныкталган, анын ичинде 47 жаран бул жылы, 10 жаран мурдагы жылдардан бери издөөдө болгон.

Быйыл изделип жаткандардын ичинен 4 жарандын жансыз денеси киши колдуу болуп өлгөн белгилери жок өлүкканадан табылган, 1 жарандын өздүгү таанылган эмес, ал боюнча туугандык мамилесин тастыктоо боюнча экспертизасынын (ДНК) натыйжасында таанылып, учурда процессуалдык текшерүү жүргүзүлүүдө. Бир жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн табылган, 8 жаран эркинен ажыратылган жерлерден аныкталган.

Өткөн жылдардан бери изделип жаткан 5 жарандын жансыз денеси өлүкканадан киши колдуу болуп өлгөн белгилери жок табылса, 1 жаран эркинен ажыратылган жерден табылган. 4 жарандын туугандары менен байланышпай, үй-жайсыз калышканы аныкталган.

Учурда Кыргызстандын ИИМниин Орусиядагы өкүлчүлүгү аймактык бөлүмдөр менен биргеликте дайынсыз жоголгон дагы 7 жарандын жүргөн жерин аныктоого багытталган чараларды көрүүдө. Анын ичинен 3 жаран мурдагы жылдардан бери изделип жатса, быйыл 4 жаран изделүүдө.

Кээ бирлери үй-бүлөсүн багуу үчүн тапкан акчасын жөнөтүүнү талап кылган туугандарынын айынан байланыштарын үзүп коюшат.

Атайын кызмат дайынсыз жоголгон адамдар боюнча +7 (926) 890-87-00 телефону аркылуу ишеним телефонуна маалымат берүүнү суранат.

Scroll to Top