Бишкек: Толготуп жаткан аял тез жардам кызматына таш атты

Бишкек: Толготуп жаткан аял тез жардам кызматына таш атты

Бишкек шаарынын тез жардам кызматынын айдоочусу сабалды. Бул туурасында Тез жардам кызматынын башкы дарыгеринин орун басары Егор Борисов билдирди.

Анын айтуусунда, окуя 9-октябрда саат 14:25 чамасында болгон. Анда кызматка чалуу түшүп, 42 жаштагы аялдын көз жарып жатканы айтылган. Чакырык жалгыз бош бригадага тапшырылган. Алар болжол менен жарым сааттан кийин барышкан. Күйөөсү сөгүнүп, алар кечигип барганын айтып, айдоочуну сабай баштаган. Кызматкерлер баргычакты ошончо убакыт кеткенин түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок ал уккан эмес. Ал эми толготуп жаткан аял таш ыргыта баштаган.

Ага карабастан бригада аялды төрөт үйүнө алып барууну сунуштаган. Бирок, алар андан баш тартышып, такси менен кетишкен.

Тез жардам кызматынын айдоочусу учурда бейткапканада дарыланууда. Милицияга арыз жазылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>