Орусияда эмгек мигранттары үчүн мунапыс жарыяланышы мүмкүн

Орусияда эмгек мигранттары үчүн мунапыс жарыяланышы мүмкүн

Орусияда эмгек жана миграция мыйзамдарын бузган мигранттарга мунапыс жарыяланышы мүмкүн. Бул чара документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен же өлкөдөн депортацияланууга тийиш болгон мигранттардын реестрин ишке киргизүү даярдыгынын алкагында талкууланууда. Бул тууралуу «Коммерсантъ» гезити жазып чыкты.

Көзөмөлгө алынган адамдардын реестри 2025-жылы ишке кириши керек, ал миграциялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун топтомунун алкагында түзүлөт. Миграция саясаты боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйынында Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү мыйзам бузгандардын баарын бир эле учурда бир базага киргизүүнү «бир дагы инфраструктура көтөрө албай турганын» билдирди.

Орусиянын Ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой анча-мынча укук бузган мигранттарга мунапыс жарыялоону “акылга сыярлык” деп билдирди. Жыйынга катышкан ФСБнын контрчалгын кызматынын башчысы Владислав Менщиков чалгын кызматы мындай демилгени колдоого даяр экенин билдирди, деп жазды гезит.

Жыйында Ички иштер министрлиги Орусиядагы мыйзамсыз мигранттардын санын 630 миң деп баалап жатканы айтылды. Мигранттар бул макамды өлкөгө кирүү эрежелерин сактабаганы, эки же андан көп административдик укук бузганы, же мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнөн улам алышкан. Мүмкүн болгон мунапыс алардын канчасына таасир этиши мүмкүн экендиги айтыла элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Орусия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>