Орусияда Telegram менен WhatsApp’тын иши бөгөттөлгөнү айтылууда

Орусиянын бир нече аймактарында Telegram менен WhatsApp мессенжерлерине чектөө киргизилгени айтылууда. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн 34 аймагында колдонуучулар бул мессенжерлер аркылуу чалууларды жасап, кат жазыша албай жатышканын билдиришкен.
«Код Дурова» басылмасы Орусияда Telegram жана WhatsApp мессенжерлерде колдонуучулардын каттоосуна чектөө киргизиле баштаганын билдирди.
“Орусиялык мобилдик операторлорго жаңы аккаунт түзүү үчүн керектелген СМС-билдирүүлөрдү жана чалууну жөнөтүүнү токтотуу талабы коюлган. Айрым операторлор бул көрсөтмөнү аткарууга киришкен”,- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын байланыш, маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн Роскомнадзор мекемесине шилтеме берип, WhatsApp жана Telegram тиркемелериндеги үн жана видео чалууларга чектөө киргизилгенин жазган. Роскомнадзор бул чектөө жарандарды коргоо жана алдамчылыкка каршы чара катары киргизилгенин билдирген.