Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттарга 15 млн рублдан ашык эмгек акысын кайтарып алууга жардам берди. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн 2025-жылдын биринчи беш айындагы ишинин отчётунда айтылды.
Маалыматка ылайык, иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдүн жана расмий кат алышуулардын жыйынтыгында Кыргызстандын 175 жаранына мурда алынбай калган 5 млн 764 миң 700 рубль эмгек акысы кайтарылып берилген.
Ал эми 6 мигрант өндүрүштүк жаракаттары үчүн 6 млн 224 миң 400 рубль өлчөмүндө компенсация алышкан.
«Өкүлчүлүктүн адистери 12 миң 279 жаранды жеке жана телефон аркылуу кабыл алып, кеңеш беришти. 20 кыргызстандыкка Орусиянын сотторуна арыз жана кайрылуу даярдоого жардам көрсөтүлдү. Жарандардын кайрылуулары боюнча Москва полициясына 219 жолу барып, чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборлоруна 17 жолу баруулар жасалды»,- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары Москвадагы өкүлчүлүк ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек 3 баланы мекенге кайтаруу боюнча көмөк көрсөтүшкөн.