Айдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалдыКытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирдиКыргызстанда порнографиялык контентти камтыган сайттарды бөгөттөө тартиби бекитилдиКыргызстан авиациялык эрежелерди ИКАОнун ченемдерине шайкеш келтирүүдө
Орусиядагы мигранттар айлыктын азайганына нааразы болушууда
28.04.2022 | 09:00
Орусиядагы Delivery Club деп аталган тамак-аш жана азык-түлүк жеткирүү кызматында иштеген ондогон борборазиялык мигрант бир жумадан бери маянанын төмөндөтүлүшүнө каршы нааразылык билдирүүдө.
Алардын айтымында, буга чейин жөө иштеген курьер бир жолку жеткирип берүү үчүн 120 рублден жана кардарга чейинки ар бир чакырым үчүн 40 рублден кошумча акы алып келишкен. Бирок 21-апрелден тарта аларга бир жеткирип берүү үчүн 90 рублден, ар бир чакырым үчүн 20 рублден төлөнө баштаган. Мындан улам курьер болуп иштеген мигранттар бир нече күндөн бери ишке чыкпай жатышканын айтууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом