Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Орусиядан келген апельсин, баклажан, курма кармалды
22.01.2024 | 11:08
Орусиядан экспорттолгон 18 миң 500 килограмм цитрус жана жер-жемиштер кармалды. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, апельсин, баклажан, грейпфрут, хурма, алмурут, анар, мандарин, болгар калемпири, бадыраң, лимон, кивины “Ак-Тилек автожолу” аркылуу алып өтмөкчү болгон ишкер карантиндик фитосанитардык талаптарды бузган.
Текшерүү учурунда, бул жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификатынын мөөнөтү 1 жылга өтүп кеткендиги жана ал башка товарга жазылганы аныкталды.
Товарлар Салык кызматынын атайын айып пул төлөнүүчү автоунаа токтотулуучу жайына киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом