Кыргызстан кошуна өлкөлөрдүн сууга муктаждыгын толук камсыздайт

Кыргызстан кошуна өлкөлөрдүн сууга муктаждыгын толук камсыздайт

Кыргызстан кошуна өлкөлөрдүн суу боюнча муктаждыгын толук камсыздайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде билдирди.

Анын айтымында, кичи суу сактагыч жана бассейндерге (БСР) кышкы суулар топтолуп, аларды жергиликтүү дыйкандар суугатка колдонот.

“Сугат мезгилинде биздин дыйкандар БСР, БДРлердеги сууну колдонушса, кошуналар агын сууну толук колдонушат”, — дейт ал.

Садыр Жапаров Кыргызстан кошуна  өлкөлөргө сууну тосуп, бербей койбостугун белгилейт.

“Кошуналарга канча суу керек болсо, ошончо суу беребиз. Бул — турган иш”, — дейт ал.

Президент  «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу кошуналар үчүн пайдалуу экенин, ал суу маселесин чечүүгө өбөлгө түзөрүн белгилейт.

““Камбар-Ата-1″ ГЭСи кышын күнү электр энергия алыш үчүн иштетип, Токтогул ГЭСине чогулган сууну сугат мезгилинде кошуналарга жетишерлик көлөмдө берип турсак болот. Азыр биз кыштын күнү Токтогул ГЭСин электр энергиясын алыш үчүн иштетебиз дагы, жайдын күнү жабышка туура келип жатат. Себеби суу топтобосок, кийинки кышта өзүбүз электр энергиясыз калабыз. Мына ушундай проблемаларды чечиш үчүн иш алып баруудабыз”, — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>