Бишкек шаарынын бир катар жерлеринде митинге кылууга тыюу салынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотун чыгарганын мекемеден билдиришти.
Ал чечимге ылайык, жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдарга 11-марттан 11-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралардан сырткары митинг-акцияларды уюштурууга тыюу салды:
-Бишкек шаарынын Манас көчөсүнүн №55 дарегинде жайгашкан Орусиянын элчилигинин имаратынын алдында,
-борбодук Ала-Тоо аянтында,
Жогорку Кенештин жана Президенттик аппараттын имаратынын алдында жарандар, өкмөттүк эмес уюмдар митинг-акцияларды өткөрө албайт.
Митинг-пикеттерди Бишкек шаарынын Максим Горький атындагы скверге өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.