Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Ош: 61 жаштагы карыя киши өлтүрүүгө шектелүүдө
20.10.2021 | 13:04
54 жаштагы Ж. Э. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын борбордук базарында жүргөн бойдон дайынсыз жок болуп кеткен. 16-октябрдан бери милиция издеп, 61 жаштагы А. Р.ны кармады. Бул туурасында Чаткал райондук милиция билдирди.
Маалыматка караганда, анын сөөгү Чоң-Алай районунун Шибээ айылынын тушунда «Кызыл-Дарыя» суусунан табылган. Кылмышка шектүүлөрдүн айтуусу боюнча сөз талашып уруша кетип экөөлөп токмоктоп, окуя болгон жерден кетип калышкан. Кандайча сууга түшүп кеткендиги такталууда
Чоң-Алай райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом