Ош облусунун Терек айылында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Алай районунда саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Белекбаев айыл аймагына караштуу Терек айылында сел суулары жүргөн.
Ошондой эле Кара-Талаа айылында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жогоруда аталган малыматты тактоо максатында райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу бул айылдарга чыгып кетти. Кошумча маалымат берилет.