БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Ош менен Таласта жер титиреди
28.11.2022 | 09:38
28-ноябрга караган түнү саат 01:58де Кытайдын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Эркечтам, Нура айылдарында 4,5 балл, Терек, Кан-Коргон айылдарында 4 балл, Көлдүк айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ошондой эле, 28-ноябрга караган түнү саат 02:34тө Казакстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Жер титирөө Талас облусунун Кара-Буура районунун Кайнар, Көк-Сай айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом