Ош мэри саат ондон кийин иштеген коомдук жайларды 1 айга жабууну тапшырды

14.11.2025 | 10:27

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев түнкү саат 22:00дөн кийин иштеген кафе-ресторандарды бир айга жабууну тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-ноябрдын, кечинде Оштун мэри шаардагы кафе-ресторандарга, тойканаларга жана түнкү клубдарга рейддер жүргүзгөн.

Рейд кышкы мезгилде электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдын талаптарын сакталышын текшерүү максатында өткөрүлгөн.

Анда мэр тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери менен түнкү саат 22:00дөн кийин иштеп жаткан коомдук жайларга барып, алардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ошондой эле тиешелүү буйруктарды аткарбаган коомдук жайларды бир айга жабууну, алардын жарыгын жана суусун өчүрүп салууну буйруду.

“Бардыгын өчүргүлө. Азыр свет, суусунун баарын өчүргүлө. Бир айга. Укпаса, ушундай кылып тарбиялайбыз”,- деген мэр кол астындагыларга тапшырма берип.

Белгилей кетсек, ушундай эле рейд кечээ Бишкек шаарында да өттү. Анда борбор калаанын мэри жеке өзү коомдук жайларды текшерди. Айбек Жунушалиев “Тынчтык жөнүндө” мыйзамды жана жарыкты үнөмдөө боюнча токтомду аткарбаган коомдук жайларга айып пул салды.

Scroll to Top