Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Сокулук районунда ымыркайдын жансыз денеси таштанды таштоочу жайдан табылды. 23 жаштагы кыз кармалды
14.11.2025 | 09:39
Сокулук районунда укук коргоо кызматкерлери жаңы туулган ымыркайын олтуртууга шектелген аялды кармашты. Бул тууралуу Reporter.kgге Чуй облусунун ИИББ басма соз кызматынан билдиришти.

12-ноябрь күнү Сокулук районунун Комсомольское айылындагы таштанды таштоочу жайдан футболкага жана пакетке оролгон жаңы туулган кыздын жансыз денеси табылган. Ымыркайдын киндиги кесилген эмес. Окуя болгон жерге дароо Сокулук райондук ИИБ кызматкерлери барып, күбөлөрдү суракка алышкан. Укук коргоочулар КР ЖКнин «Жаңы туулган ымыркайды энеси тарабынан олтуртуу» беренеси боюнча иш козгошту.
Ымыркайдын энеси аныкталып, кармалды. Ал 23 жаштагы А.Ф. экени такталды, кыз камакка алынды. Тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар