Ош обладминистрациясы: Тилек Матраимов 16-октябрда кызматтан алынган

Ош обладминистрациясы: Тилек Матраимов 16-октябрда кызматтан алынган

Өкмөттүн Ош облусндагы өкүлчүлүгү Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мээрим Жороеванын “Тилек Матраимов дагы эле мыйзамдуу аким” деген пикирин четке какты.

Ош облустук администрациясынын басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекованын айтымында, Тилек Матраимовду Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотуу тууралуу президенттин м.а. Садыр жапаровдун колу коюлган буйрук 16-октябрда чыккан.

“Буйрук (чыгары менен) жөнөтүлгөн болушу керек, азыр дагы жөнөтүп койдум”, – деди Кадырбекова.

Бүгүн, 30-октбрда  Тилек Матраимовдун мурдагы кызмат ордуна кайткандыгы тууралуу маалымат тараган. Reporter.kg Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мээрим Жороева менен байланышканда, ал акимдин кызматтан кеткендиги тууралуу буйрук чыга электигин, Тилек Матраимовдун мыйзамдуу аким экендигин айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>