Акимдин орун басары: Тилек Матраимов дагы деле Кара-Суунун мыйзамдуу акими

Акимдин орун басары: Тилек Матраимов дагы деле Кара-Суунун мыйзамдуу акими

Тилек Матраимов Кара-Суу районунун акими кызматынан кеткен эмес. Бул тууралуу район акиминин орун басары Мээрим Жороева  “Репортерго” билдирди.

“Тилек Матраимовдун кызматтан алынгандыгы тууралуу тиешелүү токтом чыккан эмес. Демек ал бүгүнкү күндө мыйзамдуу түрдө аким. Ал шайлоонун алдында 21-октябрга чейин эмгек өргүүсүнө чыккан болчу. Азыр пневмонияга кабылгандыктан жумушка чыкпай үйдө дарыланууда. Качан жумушка чыгарын билбейм, билесиздер да пневмония болгон адамдын абалы оор болот”, – деди Жороева.

Белгилей кетсек, шайлоодон кийинки өлкөдө болгон башаламандык күндөрү Руслан Маманов аттуу адам өзүн Кара-Суу районунун акими кылып жарыялаган. Ал акимдин иш бөлмөсүнүн эшигиндеги Тилек Матраимов деп жазылган тактайчаны алып салган.

Учурда Кара-Суу районунун акиминин иш бөлмөсүндө Тилек Матраимовдун аты жөнү толук жазылган тактайча илинип турганы тууралуу сүрөттү окурмандар жиберди.

Белгилей кетсек, Тилек Матраимов 6-октябрда туугандары менен Өзбекстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жатканда кармалып, 9-октябрда Ош шаардык сотунун чечими бир айга камакка алынган.

13-октябрда Ош облустук соту Тилек Матраимовду үй камагына чыгарган. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовдун жана Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бур тууган иниси.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>