Президент Садыр Жапаров 20-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында курулган кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү заводдордун ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, заводдорду курууга 9 млн доллардан ашык инвестиция жумшалган. Заводдордун ишке кириши менен 250 жумуш оруну түзүлдү. Алар жылына 50 млн кыш жана 600 миң тонна көмүр өндүрөт деп пландалууда.
Мамлекет башчы ачылыш аземде сөз сүйлөп, мындай завод-ишканалардын ачылышы курулуш материалдарын импорттоодогу көз карандылыкты азайтууга шарт түзөрүн белгилеген.
«Эң башкысы аймактарда өнөр жайды өнүктүрүү стратегиялык артыкчылык болуп саналат»,- деген ал.