Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 28-январь күнү Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анда саат 14:22лер чамасында жер титирөө Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында 3 балл, Өзгөн районунун Чимбай айылында 3 балл, Мырзаке, Салам-Алик айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.