Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Ош облусунда жер титиреди
30.11.2024 | 17:05
Бүгүн, 30-ноябрда саат 15:18де Кыргызстандын аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында 3 балл, Мырза-Арык жана Кара-Суу районунун Правда айылдарында 2,5 баллга (Куршаб айылынан 2 чакырым түндүк батышта, Правда айылынан 5 чакырым чыгышта, Мырза-Арык айылынан 6 чакырым түштүк батышта, Ош шаарынан 37 чакырым түндүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар