УКМК Ош шаардык казыятынын кызматкерлери системалуу түрдө системалуу түрдө акча чогултууга шектелип кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык казыятынын кызматкерлери Ош шаарынын аймагында жайгашкан мечит, медреселердин кызматкерлеринен системалуу түрдө акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуп келгени аныкталган.
«Казыяттын кызматкерлеринин жеке кызыкчылыгындагы бул аракеттер өз кезегинде казыяттын ишмердүүлүгүнө гана эмес, мамлекеттик бийликтин дарегине карата да нараазычылыктарды пайда кылган. Бул фактылар боюнча жергиликтүү мечиттер жана медреселердин ишкерлери тарабынан УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгына арыз жазылган. Анын негизинде Ош шаардык казыятынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2 жана 4- пунктары менен кылмыш иши козголгон»,- деп айтылат маалыматта.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош шаардык сотунан тинтүү жүргүзүүгө уруксат алынып, Ош шаардык казыятынын “Т.М.Б”, “М.Ж.М”, “Д.Б.Х.” жана “С.А.К” аттуу кызматкерлеринин үйүндө жана Ош шаардык казыятындагы иш бөлмөлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында акча чогултуу боюнча фактылар аныкталып, “Т.М.Б”, “М.Ж.М”, соттун бөгөт коюу чарасы тандалганга чейин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.