Мыктыбек Илебаев «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалдыБШК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыраттыКыргызстанда расмий түрдө Лянга федерациясы түзүлдүМэрия: Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн ачылышы аба ырайына байланыштуу жылдырылдыОкумуштуулар тирүү жандыктын мээсин виртуалдык чөйрөдө толугу менен эмуляциялаштыБишкекте мектепке куралдуу кол салууну пландоого шектелип окуучу кармалды
Ош шаарында адвокат пара менен кармалды
05.11.2025 | 10:54

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарында адвокатты пара алуу фактысы боюнча кармаганын маалымдады.
Маалыматка ылайык, С.Н.С. аттуу жактоочу кардарынан кылмыш ишин оң жагына чечип берүү үчүн 350 миң сом талап кылган. Ал кардарын соттогу тааныштары аркылуу жазаны жеңилдетүүгө — пробация же жазаны кийинкиге калтыруу түрүндө жардам берүүгө убада кылган.
Жабырлануучу А.Г. аттуу жаран бул боюнча УКМКга арыз менен кайрылган.
3-ноябрда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө адвокат Ош шаардык сотунун имаратында акчаны алган учурда кармалган.
Жеке тинтүү маалында ал алган акча каражатын өз ыктыяры менен тапшырган.
Учурда адвокат УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар