11-февраль: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайтСадыр Жапаров Мамлекеттик күзөт кызматын УКМКнын курамынан чыгарып, аны түздөн-түз президентке баш ийдирдиКыргызстандын Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылдыПрезиденттин администрациясы УКМК жетекчилигиндеги кадрдык чечимдер боюнча түшүндүрмө бердиПарламент ЖК спикери Нурланбек Тургунбек уулу кызматынан кетет деген маалыматты төгүндөдүРустам Мамасадыков Коопсуздук кеңешинен кетти жана УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды
Ош шаарында акын Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына арналган эл аралык поэзия фестивалы өтөт
27.05.2025 | 12:45
28-30-май күндөрү Ош шаарында түрк дүйнөсүнүн акындарынын Жолон Мамытов атындагы “Жашыл аалам” фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Фестиваль залкар акын Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата уюштурулууда. Ага Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстандан келген жана Кыргызстандын жаш акындары катышат.
Фестивалдын программасы:
28-май
- 09:00-10:00 – Жолон Мамытовдун эстелигин ачуу аземи. (Ак-Тилек кичи районундагы “Жолон Мамытов” атындагы аллея)
- 10:40-12:00 – Фестивалдын 1-күнүнүн расмий ачылышы. (ОшМУнун башкы имаратынын чоң актылар залы)
- 15:00-17:30 – “Отту сүйөм” поэзия кечеси. (ОшМУнун «Ак-Буура» кампусу, Водозаборная 15)
- 19:30-22:00 – “Жашыл аалам” кечки эркин поэзия кечеси. (ОшМУнун «Congress Resort OshSU» комплекси)
29-май
- 13:30-15:00 – “Түрк дүйнөсүндөгү көркөм котормо маселелери”. (ОшМУнун башкы имаратынын 201-каанасы)
- 17:30-19:30 – Фестивалдын жабылуу аземи. (С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры)
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы