Ош шаарында эркек киши мурдагы аялын сабап салган

Ош шаарында эркек киши мурдагы аялын сабап салган

Ош шаарында эркек киши мурдагы аялын сабап салган. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Окуя 3-сентябрда болгон. Кара-Суу районунун тургуну Ош шаарындагы ашканалардын биринде ашпозчу болуп иштеген мурдагы аялынын жумушуна келип, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн сураган. Мурдагы жубайы күбөлүктү берүүдөн баш тартканда, ортодо чыр чыгып, ал аялга кол көтөрүп, ур-токмокко алган. Ошол учурда жакын жерде курулушта иштеп жаткан жумушчулар ызы-чууну угуп, келишкен. Жумушчулар аларды бөлүштүрүп, эркек кишини сабап салышкан. Натыйжада ал эркек ооруканага түшкөн. Ур-токмок жеген аял да бейтапканага жаткырылган.

Бул окуяга байланыштуу аял мурдагы күйөөсүнүн үстүнөн милицияга арыз жазган. Ошондой эле эркек киши мурдагы аялына болушуп, аны сабаган жарандардын үстүнөн арыз жазып, милицияга кайрылган. Алардын экөөнүн алган жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.

Милициянын маалыматы боюнча, мурдагы жубайлар 4 жыл мурда ажырашып кеткен. Ортодо 4 баласы бар.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>