Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Ош шаарында жоголгон кыз Бишкектен табылды
31.07.2020 | 09:46
Бир айга жакын убактыттан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Биринчи Май райондук күзөт кызматкерлери кызды 30-июль күнү “Ала-Тоо” аянтында жүргөн жеринен табышкан. Ал ата-энеси менен урушуп кетип, Бишкек шаарына келе бергенин айткан.
Белгилей кетсек Айтурган 5-июль күнү саат 20:00дө Ош шаарында үйдөн чыгып кетип, кайра келген эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар