Түркиянын парламенти соцтармактагы маалыматты тескеген мыйзам кабыл алды

Түркиянын парламенти соцтармактагы маалыматты тескеген мыйзам кабыл алды

Түркия парламенти 29-июлда «Твиттер» жана «Фейсбук» сыяктуу социалдык тармактарды тескеген мыйзам кабыл алды.

Ага ылайык, аталган компаниялар өз платформалары боюнча түшкөн арыздарды кароо үчүн Түркияда өкүлчүлүктөрүн ачышы керек. Ошондой эле атайын өкүл дайындалып, ал Түркиянын жараны болушу зарыл.

Эгер бул шарттар аткарылбаса, компанияга айып пул чегерилип, жарнамаларга тыюу салынат жана соцтармактын маалыматты таратуу мүмкүнчүлүгү 90% чейин чектелет.

Ошондой эле жаңы мыйзамга ылайык, аталган социалдык тармактын колдонуучуларынын жеке маалыматтары Түркиянын аймагында сакталышы керек.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү бул мыйзам киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү жана колдонуучуларды коргоо максатында кабыл алынганын жүйө келтирүүдө.

Оппозиция мыйзам ансыз да маалымат каражаттары мамлекеттин катуу көзөмөлүнө алынган, ондогон журналист камакта отурган өлкөдө сөз эркиндигин ого бетер чектей турганын билдирип жатат.

Эркин пикир билдирүү ассоциациясынын маалыматына караганда, Түркияда 408 миңдей сайт жабылып, соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн ондогон адам камалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>