Чыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталды
Ош шаарындагы Хохлова көрүстөнүнүн ордуна көчөттөр отургузулуп, жашыл аймакка айланат
23.03.2026 | 12:26

Ош шаарындагы Э. Алиев көчөсүндө жайгашкан Хохлова көрүстөнүндө рекультивациялоо жумуштары жүргүзүлдү. Эми анын ордун жашыл аймакка айландыруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриянын маалыматында, учурда жер кыртышын тегиздөө жана көчөт отургузула турган орундарды даярдоо иштери жүрүүдө. Ал үчүн коммуналдык чарба тармагынын 20га жакын атайын техникасы жана 200 кызматкери тартылган.
Планга ылайык, 24-мартта шаар мэринин катышуусунда аталган аймакка көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом