24-март: Өлкөнүн түндүк аймактарында жаан жаайтЫсык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтотту
Ош шаарынын кире беришиндеги арка чырактар менен кооздолду
23.07.2025 | 11:54
Ош шаарынын кире беришиндеги “Кыргыз көчү” дарбазасы эми түнкү убакта да өзгөчө кооздугу менен айырмаланып турат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, дарбаза жана анын тегереги заманбап түстүү чырактар жана лазердик жарыктандыруу системалары менен жабдылды. Бул жаңылануу шаардын көркүн арттырып, түнкү жарыктандырууну жакшыртууга багытталган.
Көрктөндүрүү иш-чарасынын алкагында келген коноктор үчүн маданий иш-чара уюштурулуп, шаар тургундарына майрамдык маанай тартууланды.
Рубрики: Жаңылыктар