«Ош Ситинин» кардарлары тынчсызданбай эле койсо болот – президенттин администрациясы

Ош шаарында «Бизнес Хаус КГ» компаниясы ишке ашырып жаткан «Ош Сити» курулуш долбоору боюнча кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн атайын комиссия жеринде иликтөө жүргүзүп, курулуш иштери өз нугунда жана графикке ылайык жүрүп жатканын аныктаган.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө чейин 1435 батир жана коммерциялык жайлар сатылып, 13,2 млн доллар каражат түшкөн. Компания өз каражатынын эсебинен 57,8 млн доллардан ашык инвестиция жумшаган.
Мындан тышкары, «Ош Сити» долбоорунун алкагында бир катар социалдык объектилер курулуп, мамлекетке өткөрүлүп берилет. Атап айтканда, 2025–2030-жылдары 1000 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилет. Ошондой эле 350 орундуу төрөт үйү, 2000 орундуу мечит, 700 орундуу мектеп, 16,5 чакырым жол, 4,6 гектар парк жана башка социалдык инфраструктура куруу каралган.
«Компаниянын милдеттенмелеринин жалпы наркы 283 млн доллардан ашат. Ошондуктан, урматтуу кардарлар, эч кандай кооптонуунун зарылчылыгы жок. Долбоор белгиленген графикке ылайык ийгиликтүү уланууда», — деп белгиледи Орунбеков.