АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
ТИМ: 72 миңден ашык кыргызстандык Орусиянын көзөмөл реестрине киргизилди
17.09.2025 | 15:56

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ар түрдүү миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Кыргызстандын 72 миң 739 жараны Орусиянын көзөмөлдөгү адамдардын реестрине киргизилген. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 39 миң 96 жараны Орусиянын аймагынан чыкпастан, миграциялык органдарга кайрылуу жолу менен өзүнүн укуктук абалын жөнгө салган. Мындан тышкары, 84 миң 86 жаран аталган реестрден Орусиядан өз алдынча чыгып кеткенине байланыштуу чыгарылган.
Жалпысынан 1-январдан 10-сентябрга чейин көзөмөлдөгү адамдардын реестринен болжол менен 123 миңге жакын кыргызстандык жаран чыгарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом