Ошто 16 жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто 16 жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто мурда 16 жолу  соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь айында 23 жаштагы  Ош шаарынын тургуну милицияга кайрылып, белгисиз адам аны уруп окуя болгон жерден качып кеткенин билдирген.

Жабырлануучунун арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Бейбаштык” беренеси менен катталып, шектүүгө издөө жарыяланган.

Бул кылмышка шектүү катары 28-январда мурда 16 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган,  23 жаштагы “Аманкелди” аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Шектүү мурда жасаган кылмышы үчүн жатак абакта жазасын өтөп жатып, дайынсыз болуп кеткени үчүн издөөдө жүргөндүгү аныкталды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>