Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Ошто 62 жаштагы киши денесин бензопила менен кесип алып, каза болду
20.11.2019 | 14:09
Ош шаарында отун аралап жаткан киши тайып жыгылып, бензопила денесин кесип, каза болду. Окуя 16-ноябрда катталган. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ошол күнү саат 12:30 чамасында “Тез жардам” кызматынан Ош ШИИБине маалымат түшкөн. 62 жаштагы киши отун аралап жатып бензопила менен денесине жаракат келтирилгени тууралуу айтылган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук деп катталган. Ал эми маркумду туугандары сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар