Адылбек Касымалиев АКШнын Стэнфорд университетине тапшырган Амиртай Бексултановду куттуктадыЖРТга даярдануу үчүн «Булак» тиркемесине 61 миңден ашык окуучу катталдыЖабыркаган аскер кызматкеринин абалы туруктуу оор бойдон калууда – Саламаттык сактоо министрлигиКыргызстандын Айыл чарба министрлиги урук чачуу мезгилинде балык уулоого убактылуу чектөө киргиздиХоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы Болгарияны жеңдиЖаратылыш ресурстары министрлиги «Жашыл мурас» программасынын алкагында Токмокто эки миң көчөт отургузду
Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги дубалдардагы жазуулар өчүрүлүүдө
07.04.2026 | 11:26

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Дарыя жээгиндеги дубалдардагы жана тосмолордогу ар кандай жазууларды жана графиттерди өчүрүү, актоо жана сырдоо иштери жүрүүдө. Бул иштер дарыяны таза кармоо жана көрктөндүрүү максатында аткарылууда.
Ош мэриясы тургундарды тазалыкты, коомдук тартипти жана эстетикалык көрүнүштү сактоого чакырат. Коомдук мүлктү бузуу жана дубалдарга жазууларды калтыруу мыйзам бузуу болуп санала турганы эскертилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом