Ошто блогер кармалды

Ошто блогер кармалды

Ош шаарында опузалап акча талап кылган блогер кармалды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 29-июнда милицияга Ош шаарынын тургуну С.И. аттуу жаран арыз менен кайрылып, өзүн блогер деп тааныштырган Ж.Г. аттуу жаран (аял киши) акча опузалап талап кылып жатканын маалымдаган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган тургуну Ж.Г. арыздануучудан 2024-жылдын март айынан тартып, «социалдык баракчаларыма сиз жетектеген кызмат жөнүндө терс көрүнүш чагылдырамын» деп коркутуп, бир нече жолу акча каражатын алганы, андан сырткары IPad үлгүсүндөгү планшет талап кылганы аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тергөө жүргүзүп, Ж.Г. аттуу аял 50 миң сом акча алып жатканда кармалган.

Кылмышка шектүү болгон Ж.Г. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>