Site icon Reporter.kg

Ошто арматура менен сабалган адам ооруканадан чыкты

Ош шаарында 13-январга караган түнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан арматура менен сабалган жаран ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ош шаардык ооруканадан билдиришти.

Маалым болгондой, ал өткөн ишемби күнү бейтапканадан чыгарылган.

«Ал ооруканадан канааттандырарлык абалда чыгарылган. Дарылануусун амбулатордук түрдө улантат», — деп билдиришти ооруканадан.

Жабырлануучунун бутунан алган жаракаттары оор болгондуктан, ал бутуна туруп, өз алдынча баса элек.

Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп (бычактан жараат алып, каза болгон), дагы бирөө оор абалда ооруканага түшкөн. Ооруканага жаткырылган жаран арматура менен сабалып, айрыкча буттары жабыркаган. Милициядан билдиришкендей, маркум менен жабыркаган жаран жана аларга кол салгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушат.

Бул окуяга байланыштуу кылмышты уюштурууга шектүү катары Кадыр Досонов кармалган. Ошондой, эле Эламан Коргонбай уулуАкылбек Раимберди уулуКурсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаков издөөгө алынып, кармалышкан. Бул иш боюнча шектүү катары издөөгө алынгандардын арасында Актилек Абдивали уулу да болгон. Ал милицияга өз ыктыяры менен келип, көрсөтмө берип, окуя болгон учурда башка жакта болгонун билдирген. Ал тилкат менен кое берилип, камакка алынган эмес. Ошол эле учурда милиция анын көрсөтмөсү текшерилерин билдиришкен.

Кийинчерээк шектүү катары Э. А. аттуу жаран кармалган.

Ош шаардык милициясынан Reporter.kg’ге билдиришкендей, учурда аталган иш боюнча алты адам камакта болсо, дагы эки адам издөөдө жүрөт.

Видео: Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү. Милиция эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version