Кыргызстан менен Алтай байланыштарын чыңдоодо: маданий алмашуудан баштап ветеринардык кадрларды даярдоого чейинБыйыл Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленетОливер Стоундун “Атом” даректүү тасмасы И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандын энергетикасынын келечеги тууралуу талкууну жаратты. Баасы 3,4 млн сомду түзөт. Баткенде аткезчилик менен келген дары-дармектер табылдыОоганстан кургатылган жемиштердин экспортун көбөйттү: 2025-жылы түшкөн киреше 667 млн долларга жеттиРоссия жана Кыргызстан соода жана инвестициялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча кадамдарды белгилешти
Ошто жаш кыз аттракциондон кулап каза тапты. Окуянын чоо-жайы
22.09.2025 | 10:13

Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы сейил багында жаш кыз аттракциондон кулап, каза болду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 21-сентябрда болгон. Тез жардам кызматына аттракциондон кулап кеткен кыз ооруканага жетпей көз жумганы тууралуу чакыруу түшкөн. Маркум Кара-Суу районунун тургуну экени такталды.
Учурда милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.