Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн АКШга барат
22.09.2025 | 10:23

Президент Садыр Жапаров 22–25-сентябрь күндөрү Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчысы Башкы ассамблеянын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт. Ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык» темасындагы ачык дебатына жана Климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги атайын иш-чарага катышат.
Мындан тышкары, Жапаровдун БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, ошондой эле Америка, Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары жана делегация жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулары пландалган.