Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Ошто жаш кыз аттракциондон кулап каза тапты. Окуянын чоо-жайы
22.09.2025 | 10:13

Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы сейил багында жаш кыз аттракциондон кулап, каза болду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 21-сентябрда болгон. Тез жардам кызматына аттракциондон кулап кеткен кыз ооруканага жетпей көз жумганы тууралуу чакыруу түшкөн. Маркум Кара-Суу районунун тургуну экени такталды.
Учурда милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.