Ошто “Бий искусствосу-2023” фестивалы башталды (сүрөт)
16-августта Ош шаарында Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында алгачкы ирет “Бий искусствосу-2023″ эл аралык фестивалы башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Фестивалдын ачылыш аземине мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, шаар тургундары катышкан.
Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө жүрүшү болуп, республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өткөн.
Белгилей кетсек фестивалга Индиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Кыргызстандын бийчилери катышууда. Иш-чара 19-августка чейин уланат.
[image_carousel source=”media: 196083,196084,196085,196086,196087,196088,196089,196090,196091,196092,196093,196094″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз