Ошто «Бий искусствосу-2023» фестивалы башталды (сүрөт)

Ошто «Бий искусствосу-2023» фестивалы башталды (сүрөт)

16-августта Ош шаарында Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында алгачкы ирет «Бий искусствосу-2023» эл аралык фестивалы башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Фестивалдын ачылыш аземине мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, шаар тургундары катышкан.

Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө жүрүшү болуп, республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өткөн.

Белгилей кетсек фестивалга Индиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Кыргызстандын бийчилери катышууда. Иш-чара 19-августка чейин уланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>