Кыргызстан менен ЮНИСЕФ өлкөдөгү балдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш планды бекитишти2026-жылы Кыргызстанда 20 миңден ашык үй-бүлө МИК аркылуу турак жай менен камсыз болотОрто-Токой суу сактагычына 1,2 млн балык чабагы коё берилдиМыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулдуКыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болду
Ош шаарында электр унааларын кубаттоочу станциялар орнотулууда
08.09.2025 | 17:16

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө электр унааларын кубаттоочу станциялар орнотулууда. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, учурда 10 станция орнотулуп бүтүп, ишке берилүү алдында турат. Жакынкы күндөрү дагы 20 даана станция орнотулат.
“Бул электр унааларын кубаттоочу станциялар Ош шаарынын мэриясынын жеке менчиги. Жабдуулар муниципалдык такси кызматындагы унааларга гана эмес, электромобиль айдаган бардык жарандарга кызмат көрсөтөт”,-деп билдирди мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом