Трамп Ирандагы аскердик операциядан улам Си Цзиньпин менен жолугушууну бир айга жылдырууну сурандыБаткенде эркек киши мурдагы жубайынын үйүнөн уурулук кылууга шектелип кармалды18-март: Көпчүлүк аймактарда күн ачык болотБишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайт
Ошто каракчылыкка, экстремизмге шектүү 11 адам кармалды
10.11.2023 | 20:21
Ош шаарында ШИИБдин кызматкерлери, атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен ири куралдуу каракчылыкка жана экстремизм-терроризмге шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпысынан 11 адам кармалып, 9 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган 9 адамдын үчөө мурда каракчылык жана террордук ишке көмөктөшүү үчүн издөөдө болгон.
Алар жашаган үйлөрдөн бир нече куралдар, жарылуучу заттар, бронежилеттер жана ок-дарылар алынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар