Араванда апасы сабаган эгиз кыздар атасына өткөрүлүп берилди

Араванда апасы сабаган эгиз кыздар атасына өткөрүлүп берилди

Араван районунда апасы сабаган эки жашар эгиздер атасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, энеси тарабынан балдарга карата жасалган зордук-зомбулугу боюнча видео ушул жылдын 6-ноябрында социалдык тарамактарга жарыяланган. Араван райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан зордук-зомбулук фактысы ачыкка чыккандан кийин, балдар энесинен ажыратылып алынып, ооруканага жаткырылып, толук камкордукка алынган. Учурда балдардын апасы камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголду.

«Жергиликтү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы менен жашына жете элек кыздардын биологиялык атасы жана башка туугандары изилденип табылды. Кыздардын ата-энелери никеге турбагандыктан, Араван райондук башкармалык аталыкты аныктоо үчүн зарыл болгон процедураларды жүргүзгөн.

9-ноябрда эгиз кыздар биологиялык атасы М.Ф.нын кароосуна берилди. Балдарды тарбиялоодо атасына эжеси көмөк көрсөтөт», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Балдарын сабаган эне кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>