Ошто курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды – видео
Ош шаарынын “Амир-Тимур” кичи районунун түштүк тарабында 10-март күнү курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымтака караганда, жашыруун жайда, желим баштыктан “револьвер” үлгүсүндөгү тапанча 1 даана (8мм), италиялык өндүрүштөгү тапанча -1 даана (8 мм), чет элдик өндүрүштөгү тапанча – 1 даана, (9 мм), граната Ф1 – 1 даана, детонатор капсуласы – 1 даана, АК-74-1 маркасындагы магазин, 9мм, 7,62мм жана 5,45мм калибрлүү ок-дарылар – 61 даана, (ЛПС 7,62 мм), мээлейлер, маскалар табылып алынды.
Ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын табылуу фактысы боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Учурда курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
[image_carousel source=”media: 181207,181208,181209″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз