Ошто курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды — видео

Ошто курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды — видео

Ош шаарынын “Амир-Тимур” кичи районунун түштүк тарабында 10-март күнү курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымтака караганда, жашыруун жайда, желим баштыктан “револьвер” үлгүсүндөгү тапанча 1 даана (8мм), италиялык өндүрүштөгү тапанча -1 даана (8 мм), чет элдик өндүрүштөгү тапанча — 1 даана, (9 мм), граната Ф1 — 1 даана, детонатор капсуласы — 1 даана, АК-74-1 маркасындагы магазин, 9мм, 7,62мм жана 5,45мм   калибрлүү ок-дарылар — 61 даана, (ЛПС 7,62 мм), мээлейлер, маскалар табылып алынды.

Ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын табылуу фактысы боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>