Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Ошто кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча эки өлкөнүн жумушчу тобу жолукту
10.05.2021 | 11:21
Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 5-9-майыда Ош шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.
Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлган. Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашышкан.
Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өткөнү кабарланат.