Ош облус аралык биргелешкен ооруканасынын короосунан табылган маркумдун өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Малыматка караганда, маркум 49 жаштагы Э.А аттуу Кара-Суу районунун тургуну болгон. Ал жубайы менен ажырашкан соң үйүнөн чыгып кетип, эч жерде иштебей Ош шаарынын аймагында баш калкалап жүргөн.
Белгилей кетсек, маркумдун сөөгү 26-октябрда табылган. Ал 2 айга жакын убакыттан бери жаткан, эч ким байкаган эмес.