Бишкекте «Борбор Азиянын чийим таштарына саякат» мультимедиялык көргөзмөсү ачылатЖогорку Соттун Пленуму беш маселе боюнча токтомдордун долбоорлорун кабыл алдыКыргызстанда ГМОну алып кирүүгө жана жүгүртүүгө көзөмөлдү күчөтүү сунушталуудаМаданият министринин биринчи орун басары болуп Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалдыКыргызстандын финансы сектору тогуз айда 37 миллиард сом пайда таптыБишкекте электробусту токтотууга аракет кылып жатып, айдоочу каза болду
Ошто оорукананын короосунан болжол менен 35-40 жаштардагы эркек кишинин жансыз денеси табылды
28.10.2019 | 12:03
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын короосунан болжол менен 35-40 жаштардагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жансыз дене 26-октябрь күнү саат 11:30 чамасында табылган. Маркумдун жансыз денеси аталган короодо жатканына 1,5 айдай убакыт болгон. Азыркы тапта анын аты-жөнү такталууда. Ал эми денесине күч колдонуу белгилери байкалган эмес.
Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, маркумга тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар